www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Ички иштер министрлиги Анкарадагы Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында теракт жасаган жанкечтинин өздүгүн тактады, ал республикада тыюу салынган Күрдисстан жумушчу партиясынын (КЖП) мүчөсү болуп чыкты.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө: “ДНК анализинин натыйжасында экинчи террористтин КЖП жикчил уюмуна мүчө Озкан Шахин экени аныкталды” деп айтылат.

Ошондой эле террордук чабуулдун дагы бир кылмышкери КЖПнын дагы бир мүчөсү Хасан Огуз экени мурда аныкталган.

Ички иштер министрлиги учурда териштирүү жана терроризмге каршы күрөш улана турганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости