www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нью-Йорк штатынын полициясы жекшемби күнү достору менен велосипед тээп жүрүп дайынсыз жоголгон тогуз жаштагы Шарлотта Сенаны тапты. Кыздын ата-энеси алган кун төлөм кагазында калган манжа издери аркылуу кылмышкердин өздүгү аныкталган.

Шарлоттаны эки күн бою полиция жана туугандары гана эмес, жүздөгөн ыктыярчылар да издешкен.

Шарлоттанын үйүнүн дарегине кун төлөп берүү талабы жазылган кат жөнөтүлгөндө иш алдыга жылган.

Кагазда калган манжа издери милициянын маалымат базасындагы манжа издери менен дал келген. Милиция бул кишини 1999-жылы мас абалында унаа айдаганы үчүн кармаган.

Ал - 47 жаштагы Крейг Нельсон Росс болуп чыккан.

Росс апасынын үйүнөн табылып, каршылык көрсөтүүгө аракет кылган, бирок тез эле камакка алынган. Ал эми Шарлоттаны полиция шкафтын ичинен тапкан.

"Шарлотта аны сактап калуу үчүн операция жүрүп жатканын түшүнүп, өзүн коопсуз сезип калды", - дейт Нью-Йорктун губернатору Кэти Хокул пресс-брифингде.

Росс биринчи даражадагы адам уурдоо боюнча айыпталып, дагы эле сурак берүүдө.

Дарыгерлер кыздын физикалык абалы жакшы экенин, бирок ал стресске кабылганын, анын кесепети азырынча белгисиз экенин айтышууда.

Белгилей кетсек, өткөн дем алыш күндөрү Шарлоттанын үй-бүлөсү жана достору Нью-Йорк штатынын борбору Олбаниден 70 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Moreau Lake State Park`ына эс алууга барышкан. 

Ишемби күнү кечинде Шарлотта жана анын курбулары велосипед тээп келүүнү чечишет.

Бир канча убакыттан кийин Шарлоттанын достору кайтып келишип, кыз акыркы айлампаны жалгыз тээп келүүнү чечип, ошол бойдон кайтып келбейт.

Туугандарынын айтымында, ал учурда караңгы кире элек болгон, алар лагерде кечки тамактанууга камданып жатышкан. Шарлотта достору кайтып келгенден кийин, 15 мүнөт кийин дагы келген эмес.

Биринчи жарым саатта үй-бүлөсү жана достору аны өз алдынча издеп, андан кийин 911 кызматына чалышкан.

Издөө иштерине 400 издөө-куткаруу кызматкерлери, ФБР агенттери, өрт өчүрүүчүлөр жана жеке издөө компаниялары тартылган.

Шарлоттанын велосипеди сейил бактан табылган, бирок кыздын дайыны жок болгон.

Балдар жоголгон учурда, полиция аларды куткаруу үчүн алгачкы 48 саатты абдан маанилүү деп эсептейт.

Улуттук парктын аймагы тосулуп, унаалар тинтүүгө алынган. Шарлоттанын таежеси TikTok аркылуу 80 километрге жакын издөө аймагындагылардын баарынан жардам сураган.

Алгачкы 48 саат дээрлик бүтүп калган, бирок Сен үй-бүлөсүнүн үй дарегиндеги почта ящигине кун төлөм кагазы түшкөнгө чейин полицияда эч кандай маалымат жок болгон.

Губернатор Кэти Хокулдун айтымында, үйгө чоочун адам келген учур катталбаганы менен бийлик муну ууру өзү жасаган деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости