www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-октябрда Тажикстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Анын алкагында азыркы президент жана талапкер Эмомали Рахмон добуш берүүгө катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал өзү жашаган аймактагы Исмоили Сомони 2 шайлоо округунун №15 шайлоо участогунда добуш берген.

Белгилей кетсек, бул шайлоо (1990-жылдагы президенттик шайлоону кошпогондо) көз карандысыз Тажикстандын тарыхында алтынчы ирет өтүп жаткан президенттик шайлоо болуп саналат.

Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, республиканын аймагында 68 шайлоо округу түзүлгөн.

Эскерте кетсек, БШК 5 талапкерди каттаган. Алар: учурдагы президент Эмомали Рахмон, коммунисттердин лидери Миродж Абдуллоев, социалисттердин лидери Абдухалим Гаффоров, Рустам Латифзода жана экономикалык реформачылардын лидери Рустам Рахматзода.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости