www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери Москва шаарында жолугушуп, кечээ, 10-октябрь күнү саат 12:00дөн тарта Тоолуу Карабахтагы атышууну токтотуу боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.
"Атышууну токтотуунун шарттары боюнча кошумча сүйлөшүүлөр болот. Ошондой эле тараптар туткундарды алмашат. Мындан ары Баку менен Ереван Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ОБСЕ) Минск кеңешмесинин теңтөрагаларынын катышуусунда абалды жөнгө салууга киришмекчи", — деп айтылат билдирүүдө.
Тараптардын Москва шаарында өткөн сүйлөшүүлөрү 10 сааттан ашык убакытка созулуп, толугу менен жабык форматта өттү.
Эске салсак, 27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жеткен. Ошондон бери атышуулар токтобой, эки тарап абалга бири-бирин күнөөлөп келет.
Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ОБСЕ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах республикасынын кызыкчылыгын коргойт.
Кырдаал боюнча Россия ТИМи абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча эки тарапты тең атышууну токтотууга чакырууда. Ал эми Түркия Тышкы иштер министрлиги Азербайжандын тарапташы экенин моюндайт. Кыргызстан мүчөлүк кылган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) абалдын тынчтык жолу менен жөнгө салынышын көздөйт.
Булак: NazarNews.kg