www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пандемия маалында кайсы азыктардан баш тартуу керек?

Фастфуд, консерва жана куурулган тамактардан пандемия маалында баш тарткан оң, себеби алар иммунитетти түшүрөт. Бул тууралуу РИА Новости дарыгер-эпидемиолог Ольга Ненастинага шилтеме берип жазды.

"Консвераланган тамактар өнөр жайда иштетилип жатканда азыктык баалуулугунан ажырагандыктан, колдонууну сунуштабайм. Ошондой эле шекерден алыс болууга чакырам. Себеби бул кан тамырлардын өткөрүмдүүлүгүн начарлатып, бактериялардын көбөйүшүн шарттайт. Мындан тышкары, куурулган тамак-ашты жана фастфудду колдонууну азайткан оң", — деген Ненастина.

Адис белгилегендей, жугуштуу оору күчөп турган маалда витамин жана минераларга бай жашылча-жемиштерди, салаттарды жеп, иммундук системаны бекемдөө керек.

Мүмкүн болушунча күнүмдүк рациондо балык, деңиз азыктары, куш эти, сүт азыктары болушу керектиги белгиленди. Ошондой эле суюктукту көп ичүү зарыл.

"Коронавирус көбүнчө улгайгандар үчүн кооптуу. Ошондуктан алардын күнүмдүк тамагында жетиштүү деңгээлде белок жана витаминдер болсун. Малдын этин кечке жей берген болбойт, жумасына бир жолу тамакка кошсо жетиштүү", — деген дарыгер.

Ал ошондой эле иммунитетти тамактан сырткары спорт менен алектенип, стресстен оолак болуу менен бекемдөө керектигин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости