www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов «Түркмөнстандын дары өсүмдүктөрү» фундаменталдуу эмгегинин 12-томун жазды. Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, жаңы китеп Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин жана Медицина өнөр жай кызматкерлеринин күнүнө карата басылып чыккан.
«Дары өсүмдүктөрүнүн» мурунку 11-тому 2019-жылдын июль айында, 21-июлда белгиленүүчү Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин күнүнө карата басылып чыккан. Быйыл күзүндө медицина кызматкерлеринин майрамы эч кандай себепсиз 10-октябрга жылдырылган.
Эске салсак, Бердимухамедов буга чейинки «Түркмөндөрдүн руханий дүйнөсү» аттуу китебин эки ай мурун жазып бүтүргөн болчу. Бул президент жазган 54-китеп болуп эсептелинет.
Белгилей кетүүчү нерсе, китепте сүрөттөлгөн рецепттердин негизинде Түркмөнстанда чөптөн чай өндүрүү иши жолго коюлган. Аны түркмөн дарыгерлери сасык тумоодон дарыланууда колдонууга сунуш кылышат.
Булак: NazarNews.kg