www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон Жакупова: Өзгөчө абал киргизүү чечими күмөндүү

“Адилет” укук клиникасынын директору, укук коргоочу Чолпон Жакупова 10-октябрдын түнүндө борбордук аянтта айрым саясатчылардын тарапташтары түн оокумга чейин салют, абага курал атып, бийлеп майрамдаганын өзгөчө абалды одоно бузуу экенин, ошол эле шаардын тургундары сыртка чыга албай олтурганын адиледсиздик деп баалады:

“Депутаттар бардык маселенин мыйзамдуу жагын абдан жакшы түшүнөт. Баары эле аларды чала сабат деп жатпайбы, жок, алар түзүлгөн кырдаалга сонун эле баа бере алышат. Эмнеге алар кечээ күн тартибине өзгөчө абал боюнча президенттин жарлыгын бекитүү маселесин алып чыгышкан жок? Анткени аларда кворум жок да, депутаттар абалды кыйыр болсо да моюндап, мындай олуттуу чечимди талкууга алып чыгышпады. Андыктан өзгөчө абал режими деген нерсе эртең жок болуп кетет. Таң калычтуусу өзгөчө абал режими бизде иштейби же жокпу - белгисиз”, - деди Жакуова “Азаттыкка”.

Бишкек шаарына 9-октярбдан тарта өзгөчө абал киргизүү тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы 10-октябрдагы Парламент депутаттарынын жыйынында каралган жок.

9-октябрда президенттин сайты өзгөчө абал кырдал татаалдашкан шартта Жогорку Кеңештин макулдугусуз эле ишке кирерин жазган. Анда минтип белгиленген:

«Өзгөчө абал тууралуу» конституциялык мыйзамдын 4-беренесине ылайык, Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо же конституциялык кызыкчылыгын коргоо максатында чукул чараларды кодонуусуз жоюуга мүмкүн болбогон кризистик кырдаал (зордук-зомбулук менен коштолуп, адамдардын өмүрүнө коркунуч туудуруучу куралдуу көтөрүлүш, улут аралык чыр-чатактар, массалык башаламандыктар) жаралган учурда президент өзгөчө абал киргизүү мүмкүнчүлүгү туурасында алдын ала эскертип, айрым жерлерде алдын-ала жарыялоосуз эле киргизиле тургандыгын Жогорку Кеңешке токтоосуз билдирет. Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилгенге чейин эле жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет”, - деп жазылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына 9-октябрдан тартып өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкты жума күнү чыгарган. Ага ылайык, саат 20:00-8:00 аралыгына чейин коменданттык саат болуп, мындай режим 21-октябрга чейин созулат. Кырдаалга милиция менен кошо аскерлер көзөмөл кылат. Бишкек шаарында атайын комендантура түзүлүп, ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев комендант болуп дайындалды. Өзгөчө абал учурунда борбор калаанын аймагында спорт, оюн-зоок, митинг, жүрүш жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Бишкекке башка аймактан келип, коомдук тартипти бузган жарандар, чет өлкөлүктөр борбор калаадан чыгарылат.

Жарлыкка ылайык, Өзгөчө абал учурунда ишкана, мекемелердин иш тартибине өзгөчө режимге ылайыктуу өзгөртүүлөр киргизилет. Автоунаалардын жүрүшүнө чектөө салынат. Эл көп чогулган жерлерде жарандардын документтери текшерилиши керек.

10-октябрь түнү Өкмөт үйүнүн алдына Садыр Жапаровдун тарапкерлери чогултуп, аны колдоо митингин таңга чейин улантышкан. 

Булак: "Азаттык"

Последние новости