www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмамбет Шыкмаматов: Ишкерлерди

Кыргызстанда ишкерлерди жоопко тартуу механизмдери жеңилдетилип жатат. Бул тууралуу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, учурда агенттик мыйзам долбоорлорун, стратегиялык документтерди жана келечекте кабыл алына турган саясий чечимдерди иштеп чыгууда:

“Азыркы өндүрүштөгү кылмыш иштерин карасак, “бизнести муунтуп жатат, кыйнап жатат” деп үстөккө-босток сөз болууда. Ошонун баары Жазык кодексиндеги лицензияга, салыкка жана башкаларга тийиштүү алты эле берене. Ошол беренелердин баары Жазык кодексинен алынып, башка макамга ээ болуп, эгерде мамлекеттин бизнеске карата салык, акциздик маркалар же башка боюнча доосу болсо сот жарандык тартипте каралат. Ошондо ишкерлерде “түрмөгө камайт, тинтүү жүргүзөт, качам” деген сөз болбойт”.

Премьер-министр Улукбек Марипов 17-мартта акыркы эки айда ишкерлерге 140 кылмыш иши козголгонун айткан. Президент Садыр Жапаров андан мурдараак эки жарлыгын ишкерликти коргоого арнаган.

Жакында Бишкекте иштеген түрк ишкерлеринин бири интернет аркылуу видео кайрылуу жасап, Кыргызстанда иштөө мүмкүн болбой калганына даттанганы коомчулукта бул маселе боюнча кызуу талкуу жараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости