www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эң таасирдүү 100 фотосүрөт...

"Тайм" журналы эң таасирдүү 100 фотосүрөттү белгиледи

2015-жылдын сентябрь айында Жер ортолук деңиз аркылуу Европага өтүүгө аракет кылып жатканда сууга чөккөн сириялык кичинекей бала Айлан Курдинин Бодрум жээгине чыгып калган сөөгүнүн фотосүрөтү «эң таасирдүү 100 фотосүрөттүн бири» болуп тандалды. Ал көрүнүш фотокорреспондент Нилюфер Демир тарабынан тартылган.

Белгилүү «Тайм» журналынын редакторлору, Айлан Курдинин фотосүрөтүнө байланыштуу докладдарында болсо Англиянын ал учурдагы премьер-министри Дэвид Кемерондун: «Мен өзүм ата катары Түркиянын жээгиндеги бул көрүнүштөн өтө таасирлендим» деген сөздөрүнө орун беришти.

Таймдын кабарчылары да бул сүрөттөрдү тарткан адам, тартылган адамдар, үй-бүлөлөрү жана курбулары менен жолугушуп, ар бир фотосүрөт үчүн өз өзүнчө макала даярдашты.

«Тайм» журналы тарабынан белгиленген «эң таасирдүү 100 фотосүрөттүн» арасында, аргентиналык төңкөрүшчү Че Геваранын жүзү, америкалык астронавт Нил Армстронгдун Айдын бетинде басканы, Деми Мурдун 1991-жылы 7 айлык кош бойлуу кезинде түшкөн жылаңач сүрөтү, Кытайда танкалардын астын тоскон адам, Вьетнамда напалм бомбасынан күйүп калган  кичиней кыз, америкалык аскерлердин аткан огунун себебинен ирактык кичинекей кыздын үй-бүлөсүнүн жаралангандыгын тарткан Крис Гондростун 2005-жылдагы фотосүрөтү, АКШнын президенти Жон Ф. Кеннедиге ок тийген учур, өзүн өрттөп жиберген буддист кечил, Япониянын Нагазаки шаарына атылган атом бомбасынын кесепеттери жана Англиянын музака тобу The Beatlesтин жаздык менен чабышуусунун 1964-жылы Гарри Бенсондун объективдерине чагылган көрүнүшү да орун алды.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости