www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2026-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев жана «Кыргызстан УЭТ» ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев Сокулук райондук электр тармагындагы окуу-машыгуу полигонун, ишкананын энергетикалык жабдууларды сактоочу кампасын текшерип, энергетиктердин калкты электр энергиясы менен камсыз кылууга болгон ишмердүүлүгү менен таанышты.

Министр Т.Ибраев райондук электр тармактар ишканасынын тийиштүү жетекчисине окуу-машыгуу полигондогу эскирген электр мамыларды, трансформатордук көмөк чордондорду алмаштырууну, электр энергиясын өчүрбөй, чыңалуу алдында иш алып барууга ыңгайлуулук шарттарын түзүүнү, полигондун аймагын кыска аралыкта иретке келтирүүнү таршырды. Ал энергетиктердин квалификациялык билимин жогорулатууда, энергетика тармагында заманбап технологиялардын жардамы менен иштөөнү практикалык түрдө үйрөнүүсү үчүн эл аралык деңгээлде керектүү шарттар түзүлүүсү керектигин баса белгиледи.

Мындан тышкары РЭТтин кампасындагы авариялык кырдаалдарды ыкчам жоюу үчүн керектүү материалдар жана жабдуулар менен камсыз болушун, ошондой эле алардын сакталуу шарттарын текшерди. Ишкананын жетекчилиги алдыдагы күз-кыш мезгилине жабдуулардын жетиштүү экенин билдирди.

Сапардын жыйынтыгында энергетика министри Т. Ибраев алдыдагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин күчөтүүнү, сапаттуу иш алып барууну жана жумуштарды графикке ылайык өз убагында бүткөрүүнү тапшырды. Аны менен катар электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилеп, калкка электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Последние новости