www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде Ош шаарында №2 Салижан Жигитов атындагы мектептин имаратына капсула салды. Калган 9 орто мектептин пайдубалын баштоого онлайн уруксат берди. Билим уялары Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланаары айтылды.

- №2 Салижан Жигитов атындагы мектеп. 1200 окуучуга ылайыкталган (мурунку аталышы - Карл Маркс). Мектеп 5 блоктон турат жана 4 кабаттуу;

- С. Алымкулов атындагы №33 орто мектеби үчүн 312 орундуу кошумча окуу корпус курулат. Мектептин имараты 2 блоктон турат жана 3 кабаттуу;

- Ж. Бөкөнбаев атындагы мектептин аймагында 750 орундуу кошумча окуу корпус салынат. Мектеп 7 блоктон турат жана 3 кабаттуу;

- №3 М.В.Ломоносов атындагы орто мектебинин эски имаратын бузуу менен жаңы имараттын курулушу. Мектеп 4 блоктон турат, 4 кабаттуу жана жертөлөсү бар;

- Ак-Буура конушунда 800 окуучуга ылайыкталган жалпы билим берүүчү мектептин курулушу. Мектеп 5 блоктон турат жана 3 кабаттуу;

- Ош шаарынын Ишкаван айылында 700 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу. Мектеп 5 блоктон турат жана 3 кабаттуу;

- Кызыл-Кыштак айыл аймагынын башкармалыгынын Сары-Зоо участкасында 528 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу. Мектеп 5 блоктон турат жана 3 кабаттуу;

- Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында Барпы Алыкулов атындагы орто мектеп үчүн 1200 окуучуга ылайыкталган кошумча окуу корпусунун курулушу. Мектеп 5 блоктон турат жана 4 кабаттуу;

- "Эне-Сай" жаңы конушунда 1000 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу. Мектеп 2 блоктон турат жана 3 кабаттуу;

- Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айыл аймагынын башкармалыгынын Сүрөттүү-Таш айылында 500 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу. Мектеп 6 блоктон турат жана 2 кабаттуу.

Последние новости