www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев «Кыргызкөмүр» ААКнын «Балыкчы» филиалынын көмүр базасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө көмүр базанын директору А.Эсенов министрге Балыкчы жүктөө-түшүрүү пунктунун (ПРП) учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө ПРПда Бишкек шаарынын ЖЭБи үчүн  26 миң тонна штыб-көмүр жана Бишкек шаарынын көмүр базасын камсыздоого багытталган 2 миң тонна тандалма көмүр кору бар экенин маалымдады.

Иш сапардын алкагында министр Балыкчы көмүр базасынын автоколоннасынын иши менен таанышты. Учурда автоколоннанын курамында 50 даана HOWO үлгүсүндөгү автопоезд иш алып барууда. Ошондой эле, ПРПда 4 фронталдык жүктөгүч жана 1 экскаватор үзгүлтүксүз иштеп, пункт суткасына 24 сааттык режимде көмүрдү кабыл алуу, сактоо, камдоо жана жүктөп жөнөтүү иштерин аткарууда.

Министрге маалымдалгандай, 2025-жылдын 12 айында «Кара-Кече» көмүр кесиминен «Кыргызкөмүр» ишканасынын Балыкчыдагы көмүр базасына жалпысынан 
624 049,25 тонна көмүр жеткирилген. Анын ичинен филиалдын автопоездору тарабынан 130 090,8 тонна көмүр (5 447 каттам) ташылган.

Ал эми 2026-жылдын январь айында Бишкек ЖЭБине 77 419 тонна көмүр (1 214 вагон) жөнөтүлүп, пландалган 80 миң тонна көрсөткүчүнө жакын аткарылган.

Министр  Балыкчы көмүр базасынын жетекчисине.  учурдагы аба ырайы  төмөндөп турган маалында калкта көмүр тартыштыгы жаралбашы үчүн, өз убагында тынымсыз көмүр жеткирүү иштерин штатттык режимде жүргүзүп турууну тапшырды.

Последние новости