www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Чынгыз Ажибаев Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директорунун орун басары Абдыбай Жайлообаевди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Жолугушууда өлкөдөгү суу ресурстарынын учурдагы абалы, ирригация тармагын өнүктүрүүнүн келечеги, ошондой эле кыска жана узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Төраганын биринчи орун басары Чынгыз Ажибаев аймактарда суу сектору туш болуп жаткан негизги көйгөйлөргө токтолуп, сугат суу менен камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл бурду. Анын ичинде Лейлек районунун Баул жана Көк-Таш айылдарындагы суу объекттерин калыбына келтирип, дыйкандардын сууга болгон муктаждыгын канаттандыруу талабын койду.

Мындан тышкары, эл өкүлү жер астындагы суулардын деңгээлин изилдөө, скважиналарды эсепке алуу жана климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен болжолдуу маалыматтарды даярдоо маселесин ортого салды.

Буга Абдыбай Жайлообаев учурда скважиналарды инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүп жатканын, анын жыйынтыгында тиешелүү маалымат базасы түзүлөрүн маалымдады. Ошондой эле Улуттук илимдер академиясына караштуу Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтуна республика боюнча суу бассейндерин изилдеп, алдыдагы 50 жылга карата илимий негизделген прогноз даярдоо тапшырмасы берилгенин кошумчалады. 

Последние новости