www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Йемендин “Ансаруллах” кыймылы (хуситтер) АКШга ачык түз эскертүү жасады. Кыймылдын аскердик өкүлү Яхья Саринин билдирүүсүнө ылайык, эгер АКШ Иранга каршы аскердик чабуул жасай турган болсо, хуситтер Жакынкы Чыгыш аймагындагы америкалык аскердик жана соода кемелерине сокку урат.

Акыркы айларда хуситтер Кызыл деңизде жана Аден булуңунда кемелерге жасаган чабуулдары менен өздөрүнүн узак аралыкка сокку урууга жөндөмдүү экенин далилдешкен. Ошондуктан алардын бул эскертүүсүн реалдуу коркунуч катары кароо манилүү.

Аналитиктердин баамында, АКШнын Иранга карата мүмкүн болгон чабуулу регионалдык согушту кеңейтүүгө жол ача турган себеп болот. Бул жагдай АКШ үчүн деңиз жолдорунун коопсуздугуна коркунуч жаратып, ал эми жалпы регион үчүн чоң геосаясий туруксуздукка алып келиши мүмкүн.

Последние новости