www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Кыргызстан Риклейм Ко. ЛТД» ЖЧКсынын ортосунда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жайгашкан Тар дарыясында чакан ГЭСтер каскадын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган документке Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков жана «Кыргызстан Риклейм Ко. ЛТД» ЖЧКнын башкы директорунун орун басары Цю Чэньци кол койду.
Жетишилген макулдашуулардын алкагында болжол менен 200 МВт кубаттуулугу бар чакан ГЭСтердин каскадын куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландаштырылууда. Инвестициянын болжолдуу көлөмү 300 млн АКШ долларын түзөт.
Бул долбоорду ишке ашыруу жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүүгө, Кыргыз Республикасынын энергетикалык туруктуулугун бекемдөөгө өбөлгө түзөт, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык секторунун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылат.