www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Коргоо министрлиги улуттук коргонуу боюнча жаңы стратегиясын жарялады. Анда Стратегиянын бир бөлүгү Кытайга арналып, "дүйнөдөгү күчтүүлүгү боюнча Америкадан кийинки экинчи мамлекет " деп аталган.

Документте Пентагондун максаттарынын бири Кытайды Инд-Тынч океан аймагында "конфронтация эмес, күчтүн жардамы менен" кармап туруу экени да жазылат. Кытай олуттуу ички экономикалык, демографиялык, социалдык маселелерге кабылып жатканы, бирок анын кубаттуулугу өсүп жатканы факт экени кошумчаланган.

Ал эми Орусия боюнча:  "Орусия ар кандай демографиялык жана экономикалык кыйынчылыктарды баштан кечирип жатканына карабай, Украинадагы уланып жаткан согуш бул өлкө мурдагыдай эле аскердик, өндүрүштүк кубаттуулуктун коруна ээ экенин айгинелейт", - деп жазылган документте.

Ошондой эле, "Москва Европадагы гегемонияга атаандаш болгудай абалда эмес. Европалык НАТО экономика, калктын саны, көмүскө аскердик кубаттуулук боюнча Орусиядан алдыда", - деп белгиленген.

Последние новости