www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда жактырылды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Маалымат менен суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Керималиев тааныштырып: «Мыйзам долбоору өлкөдөгү мал чарбачылыгын андан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө жана мыйзамдардагы кемчиликтерди жоюу үчүн Кыргыз Республикасында асыл тукум ишин регламенттештирүүчү жана жөнгө салуучу мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгууга багытталган», - деп билдирди.
Талкуу маалында депутат Нилуфар Алимжанова аталган мыйзам долбоорун колдой турганын айтып, асыл тукум мал чарбасын көбөйтүү өлкөдөгү эттин баасына да оң таасирин тийгизерин белгиледи.
Депутат Махабат Мавлянова өлкө аймагындагы асыл тукум малдын санына жана тармактын учурдагы абалына кызыкты. Депутат Алишер Козуев мыйзам долбоорун даярдоодо фермерлердин сунуштары эске алынышы керектигин белгилеп, жайыттардын дегредациясы тууралуу кеп кылды.
Депутат Улукбек Карыбек уулу асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жаатындагы жеңилдетилген насыяларды орто жана чакан ишкерлер үчүн да жеткиликтүү кылууну сунуштады.
Ал эми депутат Табылды Муратбеков кадрларды даярдоо жана материалдык-техникалык базаны жакшыртуу маселелерине көңүл бурду.
Жыйында мындан тышкары «2025-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү маселелери боюнча ОПЕК фондунун ортосундагы «Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк (1-фаза)» программасы боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Керималиев белгилегендей, аталган программанын алкагында Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 126 калктуу конуштун коопсуз таза сууга жана санитарияга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу каралган. Программаны жалпы каржылоо 200 млн АКШ долларын түзөт. Ал эми эл аралык өнүктүрүү боюнча ОПЕК фонду 20 млн АКШ долларын каржылайт. Кредиттин мөөнөтү - 20 жыл, жеңилдетилген мезгил - 5 жыл, пайыздык чен - жылдык 1,25%.