www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2026-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында 5 обьектини ишке киргизди. Анын ичинен 3 обьект Өзгөн районунда курулган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган жаңы имараттардын курулушу жана пайдалнууга берилиши энергетика тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформанын көрсөткөн жыйынтыктары.
1- обьект.
Куршаб айыл аймагында жайгашкан “Куршаб” участкасы кызматкерлердин иш шарттарын жакшыртуу жана заманбап талаптарга жооп берген ыңгайлуу жумуш ордун камсыз кылуу максатында курулду. Долбоор Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан каржыланып, жалпы сметалык баасы 9 млн 670,03 миң сомду түзөт.
Курулуш иштерин “Азия Вей Групп” жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүп, аткарылган иштердин баасы 7 млн 325,69 миң сомду түздү.
2- обьект.
110/35/10 кВ “Кара-Шоро” көмөк чордонунун 2-этаптагы курулуш иштери ийгиликтүү аяктап, объект пайдаланууга берилди. Долбоордун жалпы сметалык баасы 13 млн 500 миң сомду түзөт. Курулуш иштери чарбалык ыкма менен жүргүзүлүп, аткарылган иштердин наркы 13 млн 462,95 миң сомду түздү.
Курулуштун негизги максаты - 110/35/10 кВ “Өзгөн”, 110/35/10 кВ “Кара-Кулжа”, 35/10 кВ “Западная”, 35/10 кВ “Новая” көмөк чордондорун жана 35 кВ “Өзгөн–Новая”, “Кара-Суу–Отуз-Адыр”, “Отуз-Адыр–Кызыл-Абад” аба чубалгыларын ашыкча жүктөөдөн түшүрүү, ошондой эле калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу болуп саналат.
Көмөк чордондо заманбап электр жабдуулар орнотулду, анын ичинде кубаттуулугу 25 МВА болгон трансформатор, 110 кВ жана 35 кВ элегаздык өчүргүчтөр, ажыраткычтар (разъединитель), ошондой эле ОПН-110 кВ жана ОПН-35 кВ коргоо түзүлүштөрү бар.
3-обьект.
“Салам-Алик” участкасы кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу жана ыңгайлуу жумуш ордун камсыз кылуу максатында курулуп, долбоордун жалпы сметалык баасы 9 млн 752,27 миң сомду түзөт.
Курулуш иштерин “Вкрет-Мет” жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүп, аткарылган иштер “КУЭТ” ААК тарабынан каржыланып, наркы 8 млн 286,3 миң сомду түздү.
Бул долбоордун ишке ашырылышы кызматкерлер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу иш чөйрөсүн түзүп, алардын эмгек өндүрүмдүүлүгүн жана коюлган милдеттерди сапаттуу аткаруусун камсыздайт.
Министр өз сөзүндө Ош облусундагы жаңы ачылган обьектилер бир гана энергетиктерге эмес, калкка да кызмат кылаарын баса белгиледи.
“Бүгүн биз Ош облусу боюнча жалпы 5 жаңы обьектини пайдаланууга бердик. Бул биз үчүн чоң жетишкендик. Энергетика тармагы акыркы 5 жылда бир топ жаңыланууга жетишти. Бирок, бул дагы аздык кылат. Өнүгүүгө карай алган багытыбыздан тайбашыбыз керек. Өлкөдө электр энергиясы жетиштүү болсо, экономикасы да өнүгөт. Өнүккөн өлкө эч кимге көз каранды болбойт. Бүгүнкү ачылган обьектилер энергетиктер үчүн гана эмес, эл үчүн дагы кызмат кылат. Себеби, элди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн салынды. Андыктан жаңы обьектилер кут болсун. Элибиздин жарыгы өчпөсүн!”- деди министр Т.Ибраев.
Мындан тышкары энергетика министри Өзгөн РЭТинин капиталдык ремонттон өткөрүлгөн имараты менен таанышып, жумушчуларга түзүлгөн шарт тууралуу маалымат алды.
Салтанаттуу ачылыш маарекелерге Энергетика министри Т.Ибраев, “КУЭТ” ААКнын башкы директору И.Сыдыгалиев, Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов, энергетиктер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундары катышышты. Айыл аксакалдары ыраазылыктарын айтышып, ак баталарын беришти.