www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Казакстан Республикасындагы элчиси К.Базарбаев кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарындагы учурдагы кырдаалды Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы Ж.Дүйсембиев менен талкуулады. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 27-январында Астанада Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кудайберген Базарбаев менен Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы Жандос Дүйсембиевдин жолугушуусу өттү.
Достук маанайда тараптар кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттарындагы учурдагы кырдаалды, анын ичинде мезгил-мезгили менен текшерүүлөргө жана "Барыс" өтмөгүндө жүк ташуучу унаалардын топтолушуна байланыштуу кырдаалды талкуулашты.
Эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда Кыргыз Республикасынын ак ниеттүү экономикалык операторлорун тобокелдиктерди башкаруу системасынан чыгаруу боюнча биргелешкен ишти улантуу жөнүндө макулдашууга жетишилди.
Ошондой эле, навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоордун жыйынтыктары жана кыргыз-казак чек арасындагы айрым өткөрүү пункттарындагы текшерүү системаларынын иштешиндеги үзгүлтүккө учуроолор, өзгөчө Актилек-Карасудагы текшерүү боюнча пикир алмашуу болду.
Жүк ташуучу унааларды өткөрүү пункттарында текшерүүлөрдүн санын жана текшерүү убактысын андан ары кыскартууга багытталган механизмдер талкууланды.