www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков энергетикалык компаниялардын жетекчилери, министрликтин түзүмдөрү жана тармактык уюмдардын өкүлдөрү менен кеңейтилген жыйын өткөрдү.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө тармакты мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттары талкууланып, 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине энергетикалык комплексти сапаттуу даярдоо маселеси каралды.
Мындан тышкары, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) иш-чараларын жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын (ДКО) үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча конкреттүү чаралар белгиленди.
Жыйындын жыйынтыгында жооптуу мекемелерге күз-кыш мезгилине өз убагында даярдык көрүү, электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоону күчөтүү жана эл аралык иш-чаралардын үзгүлтүксүз өтүшүн камсыздоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.