www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппарат жетекчиси Сулайман Мыкыевдин катышуусунда Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин аппараттык кеңешмеси өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Сот департаментинин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, сот объектилерин оңдоо жана куруу, жаңы административдик имараттарды салуу үчүн жер тилкелерин бөлүү, ошондой эле «Фемида» пансионатындагы жайкы эс алуу сезонун уюштуруу маселелери каралды.

Мындан тышкары, борбордук аппараттын кызматкерлеринин эмгек жана аткаруучулук тартибине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле соттук өз алдынча башкаруу органдарынын ишин камсыздоо, сот приставдар кызматынын ишмердүүлүгү, анын ичинде сотко келбей калган жарандарды мажбурлап алып келүү жана кызматтык форманы кийүү эрежелеринин сакталышы боюнча маалыматтар угулду.

Кеңешменин жыйынтыгында Жогорку соттун Аппарат жетекчиси Сулайман Мыкыев тиешелүү тапшырмаларды берип, жыл ичинде бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды толук жана өз убагында өздөштүрбөгөн аймактык жетекчилерге карата катуу тартиптик чаралар көрүлөрүн эскертти.

Последние новости