www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде министрдин жаңы дайындалган орун басарларын жамаатка тааныштыруу аземи өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн реалдуу секторунун башчысы Улугбек Нургазиев, Энергетика министри Алтынбек Рысбеков, ошондой эле министрликтин жетекчилиги жана карамагындагы энергетикалык компаниялардын өкүлдөрү катышты.
Жыйында Улугбек Нургазиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тиешелүү тескемелерин окуп берип, жаңы жетекчиликтин алдында энергетика тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, тармакты модернизациялоо жана алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү боюнча маанилүү милдеттер турганын белгиледи.
Министрликтин жамаатына төмөнкү жетекчилер тааныштырылды:
Курсантбек Өмүрбеков — Энергетика министринин биринчи орун басары;
Мирлан Парханов — Энергетика министринин орун басары;
Бекнур Маратбеков — Энергетика министринин орун басары.
Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жаңы дайындалган орун басарлардын тармактагы жана мамлекеттик кызматтагы тажрыйбасын белгилеп, негизги артыкчылыктуу багыттарга токтолду.
Анын айтымында, жаңыланган жетекчиликтин алдында өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө, энергетикалык комплекстин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармакты туруктуу өнүктүрүү боюнча чоң милдеттер турат.
«Кесипкөй команда жана биргелешкен иш аркылуу министрликтин алдына коюлган стратегиялык максаттар ийгиликтүү ишке ашат деп ишенем», — деди Алтынбек Рысбеков.
Өз кезегинде министрдин жаңы орун басарлары көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, энергетика системасынын ишенимдүү иштешин камсыздоо жана коюлган милдеттерди аткаруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдиришти.