www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Прокуратура «75чилердин каты» боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмгө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз тапшырды.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, апелляциялык арыз сегиз адамга байланыштуу чыгарылган сот чечимине каршы берилген.

Буга чейин УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана экс-депутат Курманкул Зулушевдин жактоочулары аталган иш боюнча райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан.

Эске салсак, июль айынын башында Бишкектин Биринчи май райондук соту Камчыбек Ташиевди Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылга эркинен ажыраткан.

Бирок сот аны жазасын өтөөдөн бошотуп, үч жылдык пробациялык көзөмөл белгилеген.

Последние новости