www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Израилдин Газза тилкесине жасаган чабуулдары боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу TRT жазып чыкты.

Министрликтин билдирүүсүндө, Газзадагы тынчтык планын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзгөн жол карта боюнча макулдашууга жетишилгенден кийин эле Израиль аймакта 30дан ашык жай тургундун өмүрүн алып, саламаттык сактоо мекемелерин бутага алганы айтылат.

Анкара муну Израиль өкмөтүнүн Палестиналыктар менен тынчтык орнотууга чыныгы ниети жок экенин көрсөткөн аракет катары баалады.

«Нетаньяху өкмөтүнүн жалгыз максаты — палестиналыктарды өз мекенинен сүрүп чыгаруу жана аймакта тынчтык менен туруктуулукту орнотууга тоскоолдук кылуу», — деп айтылат билдирүүдө.

Түркия ошондой эле Израиль өкмөтүнүн аракеттери Жакынкы Чыгыштагы абалды курчутуп, ортомчу өлкөлөрдүн, анын ичинде АКШнын дипломатиялык аракеттерине тоскоол болуп жатканын белгиледи.

Тышкы иштер министрлиги эл аралык коомчулукту аймактагы кырдаалга байланыштуу чечкиндүү позиция кармап, эл аралык укукту жана гуманитардык баалуулуктарды сактоого чакырды.

 

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости