www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматы эскертет: 2026-жылдын 1-январынан тартып балдар тамак-ашы үчүн алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгы салынат жана акциздик марка менен маркаланат.
Бул талап Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы токтому менен киргизилген жана мамлекеттик каттоодон балдар тамак-ашы катары өткөн, ошондой эле ТЭИ ТН 2202 товардык позициясына кирген алкоголсуз суусундуктарга тиешелүү.
Көрсөтүлгөн күндөн тартып бул продукцияны акциздик маркасы жок өндүрүүгө жана импорттоого тыюу салынат.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагында маркасы жок балдар тамак-ашынын калдыктарын сатуу үчүн акыркы мөөнөт 2026-жылдын 1-майына чейин белгиленген.
Салык кызматы балдар тамак-ашын өндүрүү, импорттоо жана жүгүртүү менен алектенген салык төлөөчүлөрдү салык мыйзамдарынын талаптарын сактоого чакырат. Маркасы жок продукция аныкталган учурда мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.