www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Юстиция министринин биринчи орун басары дайындалды

Сайра Ызакова Темирбековна Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Буга чейин ал юстиция министринин орун басары кызматын аркалап келген.

Ызакова Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин аяктаган.

Кесиптик жолун 2010-жылы баштап, Юстиция министрлигинин борбордук аппаратында адистен тартып профилдик башкармалыктардын жетекчисине чейинки тепкичтерди басып өткөн.

Кызмат жолунда ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жана экспертизалоо, мамлекеттик укуктук саясатты калыптандыруу жана ишке ашыруу, ошондой эле социалдык-экономикалык чөйрөдөгү мыйзамдарды өркүндөтүү сыяктуу стратегиялык маанилүү багыттарды жетектеген.

Укуктук тутумду өнүктүрүүгө жана мамлекеттик кызматка кошкон салымы үчүн медалдар жана ардак грамоталар менен сыйланган.

Укук жаратуу ишинде жана мамлекеттик институттардын иштешин камсыз кылуу жаатында жогорку кесиптик компетенцияга ээ.

Последние новости