www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү иш-чараны “Өнүгүү жана саясат боюнча эл аралык агенттик” уюштуруп жатканы белгилүү болду.
Иш чарага энергетика тармагындагы адистер, эксперттер чакырылган. Анда Кыргызстандын энергетика тармагындагы көйгөйлөр тууралуу кеп козголот.
Кыргызстанда 2015-жылдын этегинде Энергетика министрлиги жоюлган. Электр энергиясын өндүрүүчү, ташуучу жана бөлүштүрүүчү ишканалардын баары бириктирилип, "Улуттук энергохолдинг" түзүлгөн. Бийлик ушундай жол менен тармактагы коммерциялык жоготууларды азайтып, коррупцияны жеңсе болорун билдирген.
26-январда Бишкек жылуулук электр борборунда суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, катуу суукта баш калаанын тургундары беш күн бою жылуулуксуз калган. Мындан улам энергетикадагы көйгөйлөр кайрадан күн тартибине чыкты.
Булак: NazarNews.kg