www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында энергетика тармагынын аймактык бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо зарылдыгын белгилеп, бир катар кызматтарга жаңы кызматтык автоунааларды берүү убадасын берген.
Аталган убада иш жүзүнө ашып, Ак-Суу РЭТине, Жогорку чыңалуу кызматынын Тамга бөлүмүнө жана Көмөк чордон кызматынын Тамга бөлүмүнө арналган жаңы, заманбап “ JAC ” үлгүсүндөгү автоунаалар тапшырылды.
Бул автоунаалар энергетиктердин күнүмдүк ишин жеңилдетүүгө, авариялык кырдаалдарга ыкчам аракеттенүүсүнө жана электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.
Белгилей кетсек, мындай колдоолор аймактардагы электр тармактарын модернизациялоого жана калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган иштердин маанилүү бөлүгү болуп саналат.