www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эт кластерин өнүктүрүүгө 1,5 млрд сом каржыланат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Чүй облусунда жана Бишкек шаарында ири мүйүздүү малды бордоп семиртүү негизинде эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу алкагында жыйын болуп өттү.

Долбоордун негизги максаты өндүрүштөн тартып сатууга чейинки бирдиктүү логистикалык чынжырды түзүү экени белгиленип, жеңилдетилген каржылоо шарттары тууралуу кеңири маалымат берилди.

Мындан тышкары, катышуучуларга долбоорго катышуунун тартиби, талаптары жана мүмкүнчүлүктөрү түшүндүрүлүп, пикир алмашуу жүргүзүлдү. Жыйындын жыйынтыгында долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу боюнча сунуштар айтылды.

Эскерте кетсек, долбоор Айыл Банк жана Элдик Банк аркылуу ишке ашат.

Жалпы каржылоо — 1,5 млрд сом. 

 

Последние новости