www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Улуттук энергохолдинг» мамлекеттик компаниясынын жетекчиси Бакыт Сыдыковдун маалыматына караганда, ушул күндөрү Токтогул гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычында 8 миллиард 585 миллион куб метр суу бар.
Ал Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 6-апрелдеги жыйынында суунун мындай аз көлөмүн «кооптуу, өтө төмөн» деп баалады.
«Эч кандай кадамдарды жасабай ушул бойдон кете берсек келерки жылы суу 5 миллиард 500 миллион куб метрге чейин азайып кетүү коркунучу бар. Ага жеткирбеш үчүн алдын ала иштер жасалып жатат», - деди ал.
Сыдыков ага ылайык, Бишкек жылуулук электр борбору иштеп чыгарган электр энергияны көбөйтүү жагы каралганын маалымдады. Маселен ЖЭБ былтыр 1 миллиард 200 миллион кВт/саат электр энергиясын өндүрсө, быйыл анын көлөмүн 2 миллиард 500 кВт/саатка жеткирүү пландалууда. Экинчиси, Кыргызстан үч жылдык мөөнөткө Өзбекстандан 750 миллион кВт/саат электр энергиясын карызга алып жатат. Ушундай эле шарт менен Казакстандан да 900 миллион кВт/саат электр энергиясы алынат.
2007-2008-жылдары «Токтогулдагы» суу 7-8 миллиард куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Энергетиктер Суу 6 миллиард куб метрге чейин азайса ГЭС авариялык абалга кабыларын эскертип келишет.
Токтогул ГЭСи Кыргызстанда электр жарыгынын 33% өндүрөт. Суу сактагычка 19 миллиард куб метр суу батат.
Булак: NazarNews.kg