www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Калктын капчыгы жукарды”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев.
--“Калктын кирешесинин азайганы-демек, жумушсуздуктун көбөйгөнү, айлык акынын кыскарганы жана жашоо деңгээлинин төмөндөгөнү. Мунун баары - пандемиянын мамлекетке эле эмес, жарандардын ар бирине тескери таасир берип жатканы. Калктын капчыгы жукарды. Албетте, кимдин эле болсо кирешеси азайса, жакшы көрүнүш эмес. Пандемияга байланыштуу экономикалык кыймыл-аракеттердин токтоп калышы. Дүйнө жүзүндө ушундай эле көрүнүш. Бул жерде кыргызстандыктардын көпчүлүгү айыл жергесинде жашап, өзүн-өзү багуу аракети, көп адамдын жашоо деңгээлин анча төмөндөтпөй сактап калды. Элдин билим деңгээлин көтөрүп, дүйнөлүк тажрыйбаны көрүп, ХХI кылымдын илим-техникасын пайдалангыдай компетенттүү кадрлар менен иштешмейинче, өнүгүү-өсүү болбойт”, - дейт Сарыбаев.
Булак: NazarNews.kg