www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мамлекеттик катчысы кызматына талапкер болуп жаткан Энтони Блинкен жаңы шайланган президент Джо Байдендин администрациясы Алексей Навальныйдын «оозун жабуу» боюнча орус бийлигинин аракетин кескин айыптай турганын билдирди.

«Навальный миллиондогон орусиялыктын пикирин айтып жатат. Орусияда элдин пикири угулушу керек. Владимир Путиндин бир кишиден ушунчалык коркуп жатканы таң калычтуу», — деди Блинкен Сенаттын тышкы иштер боюнча комитетинин угууларында.

Мындан тышкары ал Орусия АКШ үчүн чакырык бойдон калып жатканын белгилеп, жаңы администрация бул чакырыкка олуттуу мамиле кыла турганын кошумчалады. «Көп нерсени талкуулоо керек. Бул жаңы администрациянын күн тартибиндеги эң башкы маселелердин бири», — деди Блинкен.

Эске салсак, буга чейин Навальныйдын камакка алынганын АКШнын азыркы мамлекеттик катчысы Майк Помпео да айыптаган. «Өзүнө ишенген саясий лидерлер атаандаштарынын сөздөрүнөн коркпойт, саясий каршылаштарына карата зомбулук көрсөтүп, аларды мыйзамсыз камабайт», — деген Помпео.

Алексей Навальный 17-январда Германиядан Москвага учуп келери менен “Шереметьево” аэропортунда кармалган. Ал былтыр августтагы ууландыруудан соң Германияда дарыланып жаткан. 18-январда Москванын четинде Химки шаарынын полициясынын имаратында анын бөгөт чарасын караган жараян өтүп, 15-февралга чейин камакка алынган.

Последние новости