www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кара-Күнгөй участкасында Таш-Көмүр шаарынын тургундары мыйзамсыз көмүр казуу иштери менен алектенип, бүгүнкү күндө кабат-кабат тамдарды салышып, жол тандабас унааалар менен жүрүшөт», - деп билдирди бүгүн, 20-январда NazarNews.kg маалымат агенттигине Ак-Суу айылынын тургуну.

Ал Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу, Кара-Күнгөй участкасында майзамсыз көмүр казылып жатканын айтып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган.

«Ассолому аллейкум Кыргыз Элим. урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич.

Биз Аксы районунун Ак-Суу айылынын тургундары Сизге төмөндөгү коррупциялык маселе боюнча кайрылууну туура көрдүк.

Аксы районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу, Кара-Күнгөй участкасында майзамсыз көмүр казгандар тууралуу болмокчу.

Бүгүнкү күндө аталган участкасында Таш-Көмүр шаарынын тургундары Руспек, Медер, Төлөн жана башка бөлөк шаардын тургундары, мыйзамсыз көмүр казуу иштери менен алектенишип, бүгүнкү күндө кабат-кабат тамдарды салышып, жол тандабас унааалар менен жүрүшөт. Айдаган унаалары 60.000$ долларлык унааларды түзүшөт. Аталган балдар мыйзамсыз көмүр казышып, тоолорду омкорушуп, эч кандай уруксат кагаздары жок, Аксы же Таш-Көмүр салык кызматтарына салык төлөшпөйт. Лицензияны кээ бирлери кен аныктоо үчүн алышып 5.10 жылдан бери көмүр сатып сол чөнтөктөрүнө салып жатышат.

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич сизден өтүнөбүз аталган участкаларга тийиштүү комиссия жөнөтүп, өз көзөмөлүңүзгө албасаңыз болбошуна көзүбүз жетип турат. Бул көйгөйдү Аксы акими, СНБсы,  айыл өкмөтү баары көрүп туруп көрмөксөн болушуп жең ичинен сүйлөшүп жүрүшөт.

Жогорудагы балдардын жашаган жерлерин, айдаган унааларын текшертип көрсөңүз акыйкатына чыгасыз. Сиз кыргыз эли үчүн жаныңызды берериңизди угуп, жүрөгүбүз жылып, сүйүнүп отурабыз. Булардын мыйзамсыз казып жатканын аныктоо сиз үчүн маселе жаратпашына ишенебиз. Тоолорду омкорушуп, канча жылдан бери пайда көрүп жүрүшкөнүн эсептеттип, мамлекетибиздин казынасына кустурушубуз керек.

Бүгүнкү күндө массалык маалымат каражаттарында дагы көмүрдөн түшкөн салык Республикабыздын аймагында төмөн экенине баа беришти. Себебин жогорудагы атуулдарыбыз зыянга учуратып жатышат. Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич ушул маселени тез арада тактап, мамлекетке кустурат деп үмүттөнөбүз. Сизди терең урматтоо менен Аксы районунун Ак-Суу айылыгын тургундары», - деп айтылат кайрылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости