www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа өлкөлөрү, атап айтканда, Улуу Британия антиорусиялык санкциялардын кесепеттери өздөрүнө тийери жөнүндө ойлонгон эмес. Бул тууралуу Улуу Британиялык саясий баяндамачы Энтони Уэббер RT телеканалына берген маегинде билдирди. “Чындыгында, Европа өлкөлөрү, атап айтканда, Улуу Британия Орусияга каршы санкцияларды киргизип жатканда, бийликтегилер алардын кесепеттери жөнүндө ойлонгон да эмес”, - дейт эксперт.
Анын айтымында, чектөөлөр Европада массалык нааразылык акцияларына алып келди жана мындай кырдаалдын кесепети Батыш өлкөлөрүнүн бийликтерине кысымдын күчөшүнө себеп болот. “Эми Европа өз саясатын толугу менен өзгөртүп, Орусияга каршы санкция киргизген мамлекеттер жыйынтыгында “өзүнө да санкция киргизээрин” түшүнүшү маанилүү”, - деп баса белгиледи Энтони Уэббер.
Буга чейин The Guardian гезити АКШ жана анын союздаштарынын Орусияга каршы санкциялары Батыш өлкөлөрүнүн тузакка түшөөрүнө алып келээрин жазган.
Эске салсак, 24-февралда Орусия Украинага каршы согуш баштап, аны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын аскердик операция деп атаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан зордук-зомбулукка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган. Согуш башталгандан кийин Батыш өлкөлөрү биринчи кезекте банк секторуна жана жогорку технологияны берүү боюнча Москвага каршы масштабдуу санкцияларды жарыялаган. Ошондой эле, көптөгөн бренддер өлкөдөгү ишин токтотту.
Булак: NazarNews.kg