www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джо Байден Варшавада сүйлөгөн сөзүндө жаңы кансыз согуш жарыялады. Бул тууралуу Польшанын мурдагы тышкы иштер министри Яцек Чапутович билдиргенин Лента.ру жазды.

Анын айтымында, Байдендин Варшавага сапары тарыхый мааниге ээ. «Падыша сепилинин короосундагы спектакль тарыхтын жаңы барагын ача тургандай курулган. Бул сөзүндө Америка Кошмо Штаттарынын президенти жаңы кансыз согуш жарыялады», — деди Чапутович.

Польшанын мурдагы тышкы иштер министри Байдендин сөзүн 1946-жылы Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Уинстон Черчиллдин «темир көшөгө» тууралуу айткан сөзү менен салыштырды. Чапутович украиналыктардын орду да маанилүү деп эсептейт - анын пикири боюнча, ушундай жол менен Польшанын да мааниси жогорулайт.

Эске салсак, 26-мартта Байден Польша менен Украинанын чек арасындагы украиналык качкындар айылына барган. Журналисттердин биринин орус президенти Владимир Путинге болгон мамилеси тууралуу суроосуна жооп берип жатып, ал орус лидерин «касапчы» деп атаган.

Черчилль 1946-жылы март айында америкалык Фултон шаарында өзүнүн атактуу баяндамасын жасаган. Ал Батыш өлкөлөрүн советтик коркунучтун күчөшүнө каршы биригүүгө чакырып, Европа менен СССР ортосунда «темир көшөгө» пайда болгонун билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости