www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-мартта, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жумуш кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңешмеде өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал талкууланды. Мамлекет башчы кризиске каршы чаралардын планын, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана башка социалдык-экономикалык маселелерди чечүү боюнча чараларды өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө жана мамлекет башчысынын администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости