www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эле Жайыл районундагы үйлөрдүн бирине уурулукка кирген шектүүлөр кармалганы тууралуу Чүй облустук милициясынан билдирген эле.

Маалыматта 2022-жылдын 15-мартында Жайыл РИИБине 1977-жылы туулган И.З. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар анын үйүнө уурулукка кирип, алтын жана күмүш буюмдарын, ноутбугун жана 9 даана кол саатын, андан тышкары, 500 АКШ долларын уурдап кеткендигин билдирген. Натыйжада арыз ээсине 590 миң сомдон ашык зыян келтирген.

Бул факт кылмыштардын бирдиктүү тизмесине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында ал кылмышка шектелип, 1995-жылы туулган З.В. жана 1988-жылы туулган Ш.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу жайга камакка алынган.

Шектүү адамдардын биринин үйүнө тинтүү жүргүзүлгөндө бир даана ноутбук, күмүш буюмдар жана 5 даана кол саат табылган. Милициянын берген маалыматында териштирүү иштери улантылаары кабарланган.

Бирок үйүн тоноткон жабырлануучу З.И. милиция кызматкерлерине табылган уурулардын бирин Жайыл районунун судьясы Айтмолдоев Б.А. бошотуп жибергенине нааразы болгонун билдирди.

2022-жылдын 25-мартында болжол менен саат 20:00 тергөөчү М.Жусупбеков эки шектүү кармалганын айтып, телефон чалган.

Жабырлануучунун айтымында, уурулукка шектелген 1995-жылы туулган З.В. күнөөнү мойнуна алып, эжесинин үйүндө сакталып турган уурдалган мүлкүн өз ыктыяры менен берүүгө макул болгон. Ыкчам топ ошол жерге барып, Жайыл РИИБине бир нече мүлктү алып келип, көрсөткөндө жоголгон буюмдардын жарымын тааныганбыз. Тергөөчү ошол замат уурулукка шектүүлөрдү камаган дейт.

2022-жылдын 26-мартында саат 20:00 чамасында биздин үйгө Света жана Вика аттуу эки аял келди дейт жабырлануучу: “Буга чейин Света, анын кызы Вика жана уулу уурулукка шектелген Вячеслав биздин үйгө курулушта иштеп кеткен эле. Көрсө, Вячеслав анын уулу экен. Үйгө келген эки аял бизге акча сунуштап, тосмо арыз жазып берүүмдү суранган.  Биз алардын сунушунан баш тартып, баары мыйзам  чегинде болушу керектигин айтканбыз. Ошондо  аялдардын бири «Силер тосмо арыз жазбасаңар, анда мен уулумду сотко 50 миң сом берип чыгарам, көрөсүңөр! Силердин балдарыңар жаш, мектепте окушат, силер жумуштасыңар, алар үйдө жалгыз калышат. Балдарыңарды ойлогула…» деп коркутуп кетип калышкан.

27-март күнү саат 16:00дөр чамасында тергөөчү М.Жусупбеков шектүүлөрдү Жайыл райондук сотуна баш коргоо чарасын өзгөртүү үчүн алып келип, тергөөнүн бүтүшүнө эки ай убакыт сураган.

Бирок Жайыл районунун судьясы Б.А. Айтмолдоев  кылмышка шектүү З.В.ны үй камагына чыгарып жиберген.

Биздин үйгө уурулукка кирген кылмышка шектүү В.З.ны бошотуп, ал эми анын шериги, уурулук учурунда үйгө кирбей сыртта карап турган Ш.А. ны эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизген.  Ш.А. тергөө тарабынан аныкталгандай,  анын  жакыны жок, томолой жетим болгон.

Жабырлануучу И.З.нын  Жайыл райондук прокуратурасына  жазган арызында жогорудагы окуяларга байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана балдарынын коопсуздугун камсыз кылууну суранган.

Бул окуяга юридикалык баа берип, ууруга шектүүнү мыйзасыз эркиндикке чыгарып салганы үчүн судьянын иш аракетине мыйзам чегинде  чара көрүп, жогорку инстанцияга кайрылууңузду суранам деп билдирген жабырлануучу.

Ууруну табуу үчүн милиция кызматкерлери күнү-түнү издешет, бирок, ууруга шектүүнүн жакындары айткандай 50 миң сомду сотко берип, эркиндикке чыга берсе болобу?

Уурулукка шектелип кармалган Вячеславдын жакындары айткандай сотко 50 миң сом пара берип, кайра эркиндикке чыгып кеткенби? Ал  эми жакындары жок, томолой жетим темир торго отуруп, апасынын аркасы менен чыныгы ууруга шектелген Вячеслав сотко 50 миң сом берип эркиндикке чыгып кеткени анык болсо бул ишти тешелүү органдар дыкат иликтеп, кылмышка шектүү өз жазасын алышы керек.

Булак: Abal.kg

Последние новости