www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Арзыгүл Галымбетованын ысымы Баткендеги көчө, үй жана бала бакчага берилээри айтылды. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, журналист Галымбетованын ысымы Баткен шаарындагы чоң көчөлөрдүн бирине жана жаңы курула турган көп кабаттуу турак үйгө ыйгарылат. Бүгүн, 28-мартта, Арзыгүл Галымбетованын эскерүү иш-чарасында кесиптештери анын ысымын бала бакчага дагы берүү сунушун айтты.

Эске салсак, журналист Арзыгул Галымбетова 26-мартка караган түнү жүрөгү кармап каза болгон.

Галымбетова 1984-жылы Баткен районунда төрөлгөн. 2009-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика жана информатика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 2007-жылы "Эхо Манаса" телерадиокомпаниясында алып баруучу болуп баштаган. 2007-2008-жылдары "Кыргызстан обондору" радиостанциясында кабарчы жана радио алып баруучу болгон.

2008-2009-жылдары "КТР ОБО" гезитинде кабарчы болуп эмгектенген. 2010-жылдан бери Баткен телеканалында редактор-баяндамачы, ага редактор, улук редактор кызматтарында эмгектенген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости