www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Лениндин күмбөзү убактылуу жабылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, мавзолей бүгүн, 17-ноябрда жабылат.

Лениндин мавзолейине зыярат кылуу ушул жазда, чектөөлөрдүн биринчи толкуну учурунда эле болгон. Күмбөзгө акысыз кирүү 1-июлда улантылды.

Апрель айында, Москвадагы чектөөлөргө карабастан, Коммунисттик партиянын жүздөгөн жактоочулары Владимир Лениндин туулган күнүнүн 150 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн мавзолейге келишкен.

Учурда Москвада бет кап тагынып жүрүү эрежеси сакталууда. Коомдук тамактануучу жайлар, барлар жана клубдар түнкүсүн жабык. Университеттер жана колледждер аралыктан окутууга өткөрүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости