www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пакистандын Медициналык комиссиясы Кыргызстандын медициналык билим берген окуу жайларынын ичинен Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын, Ош мамлекеттик университетин, Кыргыз-Орус (Славян) университетин жана Эл аралык жогорку медициналык мектебин кара тизмеден чыгарды. Бул тууралуу мекеменин сайтында (pmc.gov.pk) кабарланды.
Маалыматка караганда, бул төрт окуу жай дүйнөнүн 400дөй университетинин катарында жашыл тизмеге киргени көрүнүп турат. Бул комиссия аларды кайрадан баалоодон өткөрүп, тааныгандыгынан кабар берет.
Ошол эле учурда Кыргызстандын дагы 12 окуу жайы кара тизмеде калды. Ал тизмеде башка өлкөлөрдүн билим берүү мекемелери жок.
Эске сала кетсек, октябрдын соңунда Пакистандын Медициналык комиссиясы Кыргызстандын медициналык окуу жайларынын баарын кара тизмеге киргизген. Бул жагдайга Кыргызстандан бүткөн пакистандык студенттердин 90% Пакистандын Медициналык кеңешинен милдеттүү экзаменден өтпөй калганы себеп болгон. Натыйжада алардын дипломдору Пакистанда таанылган эмес
Бул окуядан кийин Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги медициналык багыттагы адистерди даярдаган жогорку окуу жайлардын ректорлору менен талкуулап, мындан ары аларга көзөмөл күчөтүлөрү белгиленген.
Булак: NazarNews.kg