www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жумагүл Эгембердиева деген аткаминер аял бар. Акыркы кездерде элдин оозун ачырып, чу дегенде эле Жалал- Абадка губернатор боло калып, иштей албай элден катуу сын уккан. Андан соң Жергиликтүү башкаруу жана улуттар аралык мамиле мамлекеттик агенттигинин директору болгон.

Ал жерден да кыйрата албай, кызматтан кеткен. Эми болсо өкмөт аны жакында эле иштей албай кызматтан алынган Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун директору Бакыт Жумашевдин ордуна дайындап койду. Эгембердиева ушунча жыд чоң кызматтарда чокчоюп жүргөнү менен, иш менен өзүн көрсөтө алган жок. Анын ишти билбеген Жумашевден айырмасы деле жок.

Болгону жогорку бийликтеги колдогон кожосу күчтүү болсо керек. Эптеп чоң кызматка илешип, таасирдүү чиновниктерге тил алчаак, ийилчээги, кошоматчылыгы менен жагынып алгандар, ушинтип илешип кызматтан- кызматка секирип жүрө беришет турбайбы. Өзгөчө мындай көрүнүш биздин бийликте абдан арбын. Алардын деңгээлине түкүрүп койсоң деле жарашат.

Булак: Багыт.кg

Последние новости