www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында Россия менен Америка Кошмо Штаттарынын дипломатиялык делегацияларынын сүйлөшүүлөрү өтүүдө. Жолугушуу «The Ritz-Carlton» мейманканасында өтүп жатат, деп билдирди «ТАСС» жана «Al Arabiya».

Жолугушуу жабык эшик артында өтүүдө. Сауд Арабиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери журналисттерден мейманкананын аймагынан чыгып кетүүнү суранышты, деп билдирет «ТАСС».

Россиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргендей, Россиянын делегациясын Федерациялык кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Григорий Карасин жана Федералдык коопсуздук кызматынын директорунун кеңешчиси Сергей Беседа жетектеп барган.

<The Wall Street Journal> гезитинин маалыматы боюнча, Америка делегациясынын курамында Мамлекеттик департаменттин саясий пландаштыруу боюнча директору Майкл Энтон, президенттин атайын өкүлү Кита Келлогдун жардамчылары жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майк Уолтцтын өкүлдөрү бар.

Буга чейин Юрий Ушаков сүйлөшүүлөр «Кара деңиз акваториясындагы кеме каттамынын коопсуздугуна тиешелүү» боло турганын билдирген. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков дан азыктарына байланыштуу келишимди жандандыруудан тышкары аскердик аракеттерди токтотуунун башка «нюанстары» жана «аспекттери» талкууланарын айткан.

Бир күн мурун Сауд Арабияда Америка менен Украинанын делегацияларынын да жолугушуусу өттү. Анын жыйынтыгында Украинанын коргоо министри Рустем Умеров: «Сүйлөшүү конструктивдүү жана мазмундуу болду. Негизги маселелер, атап айтканда, энергетика тармагындагы маселелер талкууланды»,- деп билдирди.

Россия менен Американын делегацияларынын биринчи бетме-бет сүйлөшүүлөрү Эр-Риядда 18-февралда өткөн. Андан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп адегенде Владимир Путинге, андан кийин Владимир Зеленскийге телефон чалып, эки лидер менен тең ок атышууну жарым-жартылай токтотууну жана энергетикалык инфраструктурага сокку урууну токтотууну талкуулаган.

Последние новости