www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала-Бука районунда коррупция боюнча мурдагы айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, УКМК жергиликтүү тургундардан мыйзамсыз аракеттерге байланыштуу көптөгөн даттануулар түшкөндөн кийин Ала-Бука районунун Балтагулов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Н.Б.ны кармады.

«Н.Б. жергиликтүү кеңештин учурдагы депутаты С.Ж. менен тил табышып, 2023-2024-жылдар аралыгында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин берүүнү убада кылып, жергиликтүү тургундардан 100дөн 300 миң сомго чейинки акча каражатын алганы аныкталган. Ошол эле учурда Н.Б. жайгашкан жерин көрсөтпөстөн жеке турак-жай куруу үчүн аларга жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча 136 жасалма буйрук чыгарган. Жергиликтүү тургундарга келтирилген зыяндын суммасы алдын ала 10 млн.сомду түзгөн. Ошондой эле, айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Б. бизнестеги 20% үлүш үчүн жогорудагы айылдык Кеңешинин депутаты С.Ж.га ресторан куруу үчүн 1 га жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп бергени аныкталган», — деп жазылат билдирүүдө.

Учурда кармалган адамдар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Последние новости