www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Арзыбек Кожошев үстүбүздөгү жылдын июнунун аягына чейин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп кала берет. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
ЖЕЭК жыйыны видеоконференция форматында өткөндүгүнө байланыштуу жыйын жыйынтыгында кабыл алынган чечимдерге жана документтерге ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары тарабынан белгиленген тартипте кол коюлат.
"Регламентке ылайык, кабыл алынган чечимдер менен документтерге Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүнүн бардык лидерлери кол койгон соң Кожошев ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри катары кызматына киришет. Аталган жол-жоболор бир ай чамасында убакытты алат. Ага чейин Арзыбек Кожошев КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп калат берет", — деп билдирген ал.
Азырынча Кожошевдин ордуна ким келери азырынча айтыла элек.
Эске салсак, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) акыркы жыйынында Кожошевди Кыргызстандан Евразиялык экономикалык комиссиянын энергетика жана инфраструктура боюнча министри кызматына дайындоо чечими кабыл алынган.
Булак: NazarNews.kg