www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин жана Режеп Тайип  Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн Кремль билдирди.

Эки тараптуу мамиле, анын ичинен соода-экономикалык жааттагы кызматташуу боюнча сүйлөшүү жүргөн. Андан сырткары, башында өкмөт төрагасынын орун басары Александр Новак турган Орусия — Түркия өкмөт аралык комиссиянын жакында Түркияга болгон сапарынын жыйынтыгын кеп кылышкан.

Энергетика, транспорт, туризм тармагында эки тарапка тең пайдалуу болгондой кылып алакаларды бекемдөө боюнча сөз болгон. Талкуу учурунда Украинадагы абалга да басым жасалып, Кара жана Азов деңиздеринде кемелердин коопсуздугун камсыздоо, алардын акваторияларында миналардын кооптуулугун четтетүү да сүйлөшүлгөн.

Путин Орусия тараптын түрк өнөктөштөр менен биргеликте жүктөрдү тоскоолдуксуз кылып деңиз транзитинде координациялоого көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин белгилеген. Бул Украина портторунан дан эгиндерин алып чыгуу маселесине тиешелүү.

"Батыш мамлекеттеринин алысты көрө албаган финансылык-экономикалык саясатынан улам дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда көйгөй жаралды.  Антироссиялык тиешелүү санкциялар алынса Орусия бир топ көлөмдөгү айыл чарба продукцияларын жана жер семирткичтерди экспорттоого даяр", — дешти Кремлден.

Эки президент булардан сырткары аймактык саясат боюнча да маселелерге токтолушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости