www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин эки кызматкери адам өмүрүн сактап калууда көрсөткөн эрдиги, тайманбастыгы жана чечкиндүү аракеттери үчүн ИИМдин «Каармандык» ведомстволук медалы менен сыйланышты.

Жогорку сыйлыктарды ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов тапшырды.

Ал сыйлык ээлерин куттуктап, алардын эрдиги милиция кызматкеринин Антына берилгендиктин, жогорку жоопкерчиликтин жана элге ак кызмат кылуунун үлгүсү экенин белгиледи.

«Эрдик кызмат өтөп жаткан учурда гана эмес, күнүмдүк турмушта да көрүнөт. Сиздердин чечкиндүү жана кесипкөй аракеттериңиздердин аркасында адам өмүрү сакталып, оор кесепеттердин алдын алынды», — деди Адылбек Бийбосунов.

«Каармандык» медалы менен ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Балыкчы шаарындагы өзүнчө ротасынын милициянын улук сержанты Бейшенбек Теңизбеков сыйланды.

Ал төрт күндүн ичинде Ысык-Көлдө болгон эки өзүнчө кырдаалда сууга чөгүп кеткен өспүрүмдөрдү куткарып калган. Анын ыкчам аракеттеринин натыйжасында 2017-жылы туулган Балыкчы шаарынын жана 2008-жылы туулган Бишкек шаарынын тургундарынын өмүрү сакталган.

Ошондой эле Түп РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайынын милиционери, милициянын прапорщиги Апсамат Оңгорбеков да ушул медаль менен сыйланды.

Ал 2026-жылдын 21-июнунда Түп айылында мас абалында бычак көтөргөн жаранды өз өмүрүн тобокелге салып зыянсыздандырып, айланадагылардын өмүрүн сактап, оор кесепеттердин алдын алган.

ИИМ белгилегендей, эки кызматкердин эрдиги, жогорку кесипкөйлүгү жана жарандарга ар дайым жардам берүүгө даярдыгы ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн татыктуу үлгү болуп саналат.

Последние новости