www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы негизги азык-түлүк товарларынын бааларына салыштырма мониторинг жүргүзүп, анын жыйынтыгын жарыялады.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда акыркы мониторингдин жыйынтыгында сабиздин баасы 7 пайызга, пастерленген сүт 2,1 пайызга, кой эти 1,3 пайызга, тандыр нан 0,4 пайызга, ошондой эле айрым макарон азыктарынын баасы 0,2 пайызга жогорулаган.

Ошол эле учурда баш пияз 6,9 пайызга, картошка 4,6 пайызга, каймак май 0,9 пайызга, күн карама майы 0,6 пайызга, биринчи сорттогу импорттук ун жана андан жасалган нан 0,5–0,6 пайызга, күрүч 0,1 пайызга арзандаганы белгиленди.

Казакстанда картошка, баш пияз, биринчи сорттогу ун, күн карама майы жана сабиз кымбаттаганы байкалса, күрүч, жумуртка, нан, уй эти, кумшекер жана сүттүн баасы төмөндөгөн.

Россияда болсо баш пияз, картошка, сабиз, кумшекер, вермишель жана уй этинин баасы бир аз өскөн. Ал эми жумуртка, кой эти, каймак май, биринчи сорттогу ун, пастерленген сүт жана күн карама майынын баасы төмөндөгөнү аныкталган.

Последние новости