www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Израиль өкмөтүнүн ок атышпоо келишимин бузуусуна уруксат берилбеши керек. Эл аралык коомчулук  50 миң баласынан ажыраган Газа калкына каршы бул укуктук жана моралдык жоопкерчиликтерин орундатышы керек»,- деди. Бул тууралуу жеринен трт.нет билдирди.

Эрдоган борбор шаар Анкарага сапар менен келген Монголиянын президенти Хурелсух Ухнаа менен жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин президенттик комплексте өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Эрдоган болжол менен 21 жылдан кийин Монголиядан Түркияга мамлекет башчысы деңгээлинде жасалган сапар үчүн ыраазычылык билдирди.

Кесиптешин сапарында өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, жогорку даражалуу бюрократтар, ишкерлер, өнөр адамдары жана басма сөз өкүлдөрүнөн турган чоң делегациянын коштогондугун белгилеген Эрдоган, кийинки мезгилдерде Монголияга сапар менен барууну каалагандыгын билдирди.

Президент Эрдоган жолугушууларды эки тараптуу карым-катнаштар менен бирге Сирия, Палестина жана Украина сыяктуу актуалдуу, аймактык жана маданий абалдарды карап чыгышкандарын айтты.
Эрдоган Палестина каршылык көрсөтүү кыймылы Хамас менен Израилдин ортосунда түзүлгөн ок атышпоо келишимине да токтолду.

Эске салсак, кечээ, 16-январда Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркияга расмий сапар менен келген Монголиянын президенти Хурелсух Ухнааны борбор шаар Анкарада расмий азем менен тосуп алды.
Ухнаанын кызматтык унаасын Президенттик комплекстин алдындагы көчөдөн тосуп алышкан атчан жоокерлер, унааны протоколдук дарбазага чейин коштоп барышты.
Президент Эрдоган Ухнааны комплекстин негизги кире беришинде тосуп алды.

Последние новости