www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Иран президенти Масуд Пезешкиян менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Бул тууралуу ТАСС маалымдады.

Сүйлөшүүлөргө Орусия тараптан вице-премьерлер Алексей Оверчук жана Виталий Савельев, Орусиянын Ирандагы элчиси Алексей Дедов, айыл чарба министри Оксана Лут, транспорт министри Роман Старовойт, энергетика министри жана Россия-Иран соода-экономикалык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиясынын орус тарабындагы төрагасы Сергей Цивилев, Орусиянын темир жолдор компаниясынын башкы директору Олег Белозеров, «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын башчысы Алексей Лихачев жана башка жетекчилер катышууда.

Иран тараптан сүйлөшүүгө тышкы иштер министри Аббас Арагчи, Ирандын Орусиядагы элчиси Казем Джалали, мунай министри жана Россия-Иран соода-экономикалык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиянын иран тарабындагы төрагасы Мохсен Пакнежад, энергетика министри Аббас Алиабади, жолдор жана шаар курулушу министри Фарзане Садег Мальваджерд, экономика жана финансы министри Абдольнасер Хеммати, айыл чарба министри Голамреза Нури Газальдже, Ирандын Борбордук банкынын башчысы Мохаммад Реза Фарзин жана башка өкүлдөр катышууда.

Последние новости