www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай бейшемби күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешиндеги жыйында АКШны Украина кризисине байланыштуу жалган маалымат таратып, Кытайды каралоого аракет кылып жаткандыгы үчүн кескин сынга алды. Бул тууралуу "NazarNews" агенттигине кытайлык "CCTV-plus" маалымдады.

Жыйында Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Гэн Шуан АКШ согушту баштоо жана улантуудагы өз жоопкерчилигин кароонун ордуна, Кытайга чабуул жасап, аны каралоо өнөктүгүн жүргүзүп жатканын белгиледи.

«Бул аракеттер эмоцияларды чыгарып, күнөөнү башкаларга жүктөө жана жоопкерчиликтен качуу аракети болуп саналат. Муну менен АКШнын кош стандарттары жана саясий манипуляциялары дагы да ачыкка чыгууда», — деди Гэн.

Ал АКШнын үч негизги дооматын четке какты:

1. Кытай Россияга аскердик жардам көрсөтүп жатат.
2. Кытай Россияга саясий колдоо берүүдө.
3. Россияга Кытайдын жардамы болбогондо согуш бүтмөк.
«Булардын баары жалган сөздөр», — деди Гэн.

«Эгер Кытай чынында эле Россияга аскердик жардам көрсөткөн болсо, согуш талаасындагы абал таптакыр башкача болмок. Эгер Кытай Россияга саясий колдоо көрсөтсө, анда улуттук эгемендүүлүк менен аймактык бүтүндүктү сыйлоо жөнүндө улам-улам айтып чыкпайт эле. Эгер Кытай согуштун бүтүшүн каалабаса, анда атайын өкүлдөрүн жөнөтүп, дипломатиялык аракети менен “Тынчтыктын достору” платформасын баштабайт эле», — деп кошумчалады ал.

Гэн ошондой эле АКШны Украинанын кризисин өзүнүн геосаясий максаттарын илгерилетүү үчүн колдонуп жатат деп айыптады. Ал АКШнын үч негизги максатын атады:

1. Россияны алсыратуу менен Европа коопсуздугунда үстөмдүк кылуу.
2. Кытайды стратегиялык атаандаш катары басаңдатуу жана изоляциялоо үчүн блоктук саясатты күчөтүү.
3. Жакынкы Чыгыштагы саясаты боюнча эл аралык сындарды басуу үчүн оң имидж түзүү.
«Бирок бул аракеттердин бирөө да ийгиликке жеткен жок», — деди ал.

Гэндин айтымында, акыркы мезгилде Россия менен Украина сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирип жатышат. Эл аралык коомчулук кризисти чечүүдө тынчтык сүйлөшүүлөрүнө басым жасай баштады.

«Украина кризиси чечүүчү баскычка келди. Биз эл аралык коомчулук, анын ичинде АКШ, бардык тараптардын саясий эркин бекемдеп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого шарт түзөт деп ишенебиз. Бул согушту токтотуп, Европада тынчтыкты жана стабилдүүлүктү калыбына келтирүүгө жардам берет», — деп жыйынтыктады ал.

Последние новости